Минскиде IV Евразиялык экономикалык форум расмий ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Минскидеги Эл аралык көргөзмө борборунда IV Евразиялык экономикалык форум расмий ачылгандыгын ЕЭКтен маалымдашты.
Иш-чаранын негизги темасы — "Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиясы: жыйынтыктар жана келечек". Форум ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери катышкан Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин саммитине карата уюштурулду.
Ачылыш салтанатка Беларустун премьер-министри, Евразиялык өкмөт аралык кеңештин төрагасы Александр Турчин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Бакытжан Сагинтаев катышты.
"Жыл өткөн сайын форум бизнес-коомчулук менен ЕЭКке мүчө мамлекеттердин бийлик органдарынын ортосунда ачык диалог өткөргөн маанилүү платформага айланууда", — деп Сагинтаев белгиледи.
Быйылкы Евразиялык экономикалык форумдун иштиктүү программасына ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери, делегация башчылары катышып, отуздан ашык тематикалык иш-чаралар болот.
Кыргызстандан Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров, саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева, УТРКнын иш башкармалыгынан Чынара Капарова, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары Сыргак Өмүров, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Элдар Алишеров жана башка коноктор катышты.
Садыр Жапаров ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына барды. Видео