БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору "Мадина" базарындагы коомдук тамактануучу жайларга 277 миң 500 сом айып салды. Бул тууралуу Санэпид көзөмөл департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Мекеме текшерүү учурунда мыйзам бузуулар боюнча 24 протокол түзүлүп, 10 коомдук тамактануучу жайдын иши токтотулганын кабарлады.