БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. ЕАЭБдин потенциалы толук пайдаланыла элек. Уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшүн эки эсеге көбөйтүү зарыл. Бул тууралуу Беларустун президенти Александр Лукашенко Евразия экономикалык форумунун Минскидеги пленардык жыйынында билдирди.
"Евразиялык бирикменин потенциалы толук кандуу колдонулган эмес. Кийинки 10 жылдын ичинде биз интеграцияга жаңы күч кошуп, бул көрсөткүчтү жок дегенде эки эсеге көбөйтүшүбүз керек", — деди Лукашенко.
Ал ЕАЭБ "жөн эле иштебестен, негизги параметрлер боюнча да ийгиликке жетишүүдө" деген.
Беларусь президентинин айтымында, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өз ара товар жүгүртүүсү 10 жылдын ичинде эки эседен ашык өстү.
Лукашенко ЕАЭБ өнөктөштөрү менен бирге дүйнө калкынын бештен бир бөлүгүн бириктирип жатканын билдирди. Уюм өзүн глобалдык транзиттик хаб катары көрсөтө алышы үчүн анын транспорттук-логистикалык тармагын өнүктүрүүгө чакырды. Беларустун президенти ЕАЭБ өлкөлөрү бирдей товар жана кайталанма өндүрүштөр менен атаандашпай улуттук экономикаларды өнүктүрүүгө басым жасап, бул жаатта бирин-бири толушкташы керектигин белгилеген.
Минск быйыл ЕАЭБге төрагалык кылууда. Евразиялык экономикалык форум 26-27-июнда Беларустун борборунда өтөт.