БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кеп атайын кызмат "белгилүү шылуун" деп атаган 43 жаштагы Абдулла Юсупов жана анын шериги тууралуу болууда.
"Шектүү УКМК башчысы жана президент менен тааныштыгым бар деп Сузактагы байлардын жерлерин өз атына жаздырып, жер тилкелерин сатып жиберген", — деп айтылат маалыматта.
Юсупов буга чейин талап-тоноочулук, курал-жарак жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон.
УКМК андан жабыркаган адамдар болсо 0995 012210 (WhatsApp) номерине кабарлап коюуну суранды.