БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ысык-Көл менен Нарын облусун 2029-жылга чейин органикалык айыл чарбага өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Түрк мамлекеттери уюмунун айыл чарба боюнча министрлеринин IV жыйынында билдирди.
"Органика 2025–2029" программасы кабыл алынган. Анын алкагында органикалык айдоо жерлерди 200 миң гектарга жеткирүү пландалууда.
"Бул аракеттер региондук деңгээлдеги айыл чарба саясатын өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Кыргызстанда айыл чарба продукциясы экологиялык жактан таза аймактарда — жайлоолордо, таза мөңгү суулар менен сугарылып түшүмдүү жерлерде өстүрүлөт", — деди Төрөбаев.
Жыйын Ысык-Көл облусунда өтүп, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия жана Венгриянын айыл чарба министрлери жана алар жетектеген делегациялар катышты.