Тарыхый чечимдер кабыл алынды. ЖКнын кезектеги сессиясы жыйынтыкталды

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталды.
Бул сессиядагы соңку жыйынды жаап жатып, парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш жаңы Кыргызстанды курууда орчундуу роль ойноп жатканын белгиледи.
Ал мыйзам чыгаруу органы ачыктыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы катарда экенин айтып, айрым демократиялуу өлкөлөрдүн парламенттеринде да жыйындар түз көрсөтүлбөй турганын белгиледи.
"Бийликтин тапшырмаларын аткарууда" деген сындар негизсиз. Анткени Жогорку Кеңеш — бийликтин негизги бутагы жана башка бийлик бутактары менен мыйзам чегинде иштешет. Министрлер кабинети көптөгөн мыйзам долбоорлорун алып келип жатканы — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы бир катар тарыхый маселелерди чечти. Чек ара маселеси келечекте дүйнөгө үлгү болчудай деңгээлде чечилди деп ишенем. Ошондой эле мамлекеттик тил тууралуу мыйзам мурдагы "күчтүү" делген чакырылыштар кабыл ала албаган мыйзам болчу. Биз аны кабыл алдык жана муну сыймыктануу менен айта алам. Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмак бар: күчтүү президент жана күчтүү парламент", — деди Тургунбек уулу.
Эл өкүлдөрү бир ай шайлоочулар менен иштеп, бир ай эмгек өргүүдө болот.
Эске салсак, парламент жыйындары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
Парламентте мамлекеттик тилге байланыштуу мыйзам долбоорлору үч окуудан кабыл алынды