Ысык-Көлдө туристтик милиционер чөгүп бараткан баланы куткарып калды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө туристтик милициянын кызматкери чөгүп бара жаткан 10 жаштагы баланы куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя 24-июнда Жети-Өгүздөгү эски порттун жээгинде болгон.
"Бала суунун тереңине кирип кетип, чыга албай калган. Жакын жерде жүргөн милиция кызматкери Акылбек Макеев кыйкырык үндөрдү угуп, дароо сууга секирип, баланы жээкке чыгарган", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл ОИИБи жарандарды сууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
Кыргызстандын тоолорунан жаракат алган россиялык турист куткарылды