Чолпон-Ата шаарында шайлоо системаларын жакшыртуу боюнча форум өтүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында электоралдык форум өтүп жатат.
Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Беларусь жана башка бир катар өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын башчылары жана өкүлдөрү катышууда.
Форумдун башында президент Садыр Жапаров катышуучуларга онлайн кайрылып, форумдун ишине ийгилик каалады.
Пленардык сессиянын темасы "Эл аралык шайлоо тажрыйбасын улуттук контекстке ылайыкташтыруу" деп аталат. Ошондой эле шайлоо системасында иштегендерди окутуунун мыкты ыкмалары боюнча тегерек стол өткөрүлмөкчү.
Бүгүн иш-чара 28-июнга чейин уланат. Ысык-Көлдө КМШга мүчө өлкөлөрдүн борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары, парламент депутаттары жана эксперттер чогулган.
Иш-чарада алар шайлоону өткөрүүгө эл аралык тажрыйбаны кандайча ылайыкташтыруу, уюштуруучуларды үйрөтүүнүн майнаптуу ыкмаларын аныктоо, ошондой эле жаштарды шайлоого канткенде активдүү катыштыруу керек деген маселелер талкууланат.
Минскиде ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кадр даярдоону жакшыртуу маселеси талкууланат