Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Кеңештин отуруму бүгүн өтүп, ага Россия президентинин Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов, РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, РКӨФтүн төрагасы Артем Новиков, бизнес-өкүлдөр жана коомдук ишмерлер катышты.
"КРСУ гуманитардык өнөктөштүктүн флагманы жана жаңы муундагы кадрларды даярдоого колдоо көрсөткөн аянтча болушу керек. Камкорчулар кеңеши университеттин туруктуу жана технологиялык өнүгүү багытын колдойт", — деди УКМК төрагасы.
Ошондой эле КРСУнун Каржы фондунун концепциясы тааныштырылды. Ал университетке билим берүү, илимий жана инфраструктуралык долбоорлорду жасоого көмөк көрсөтөт.
КРСУ менен Нарын университети кызматташуу боюнча меморандумга кол койду