Бишкекте террордук топко тиешелүү делген курал-жарак, ок-дары табылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкекте курулушу бүтө элек үйлөрдүн биринен террордук топко тиешелүү делген курал-жарак, ок-дары табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Жашыруун жай "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун 46 жаштагы мүчөсү Ж.Т. (Тоха каймана аты менен белгилүү) тарабынан уюштурулганы белгиленди.
1 / 2

Бишкекте курулушу бүтө элек үйлөрдүн биринен террордук топко тиешелүү делген курал-жарак, ок-дары табылды

2 / 2

Жашыруун жай "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун 46 жаштагы мүчөсү Ж.Т. (Тоха каймана аты менен белгилүү) тарабынан уюштурулганы белгиленди

Алынган куралдар:
үч даана жардыргыч зат;
сериялык номери жок, октолбогон 9 мм калибрдеги Макаров тапанчасы (ПМ);
беш кол граната;
ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дары.
Ошондой эле Р.А. аттуу жаранга таандык күбөлүк, маркум К.Асанбек (Көлбаев К.А.), анын жан сакчысы жана Ж.Т. (Тоха) менен бирге түшкөн түстүү сүрөт табылган.
Ж.Т. 2015-жылы Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция маалында "Ислам мамлекети" террордук-экстремисттик тобунун мүчөлөрүнүн курамында өлтүрүлгөнү айтылды.
* Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
Жихадга чакырык жасалган. Бишкекте радикалдуу топ аныкталып, куралдары алынды