БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан НАТОнун Гаагадагы саммитинде эл аралык коопсуздук темасын Түркия менен АКШнын президенттери Дональд Трамп, Режеп Тайип Эрдоган менен талкуулап, кыска жолугушууларды өткөргөнүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Нидерланд падышасы берген кечки тамакка бардыгы барды, үчөөбүз калдык. Трамп, Түркия президенти, мен болуп кооптуулук боюнча көңүл борборунда турган маанилүү маселелерди талкууладык", — деген Орбан.
Анын айтымында, Гаагадагы саммитте Украина альянстын мүчөлөрү болбош керек деген позицияны жактагандар "жеңип кетишкен". Эми ЕБдин Брюсселдеги саммитинде кызыл чеке болушарын, себеби ал жерде Украина НАТОго кирсин, Киев европалык акчага согушту улантышы керек деген пикирдегилер арбындыгын белгилеген.
"Биздин оюбузча, Европада АКШ лидеринин тынчтык орнотуу демилгесин толугу менен колдоодон сырткары орус-украин согушуна байланыштуу башка максат болушу мүмкүн эмес. Бул биз үчүн да милдет болмок. Бирок азыр андай болбой жатат, анткени европалыктар согушту улантууну көздөшөт. Эртең Зеленскийдин катышуусунда алар дал ушундай кадам таштап, согушка жаңы дем беришет. Биз, тынчтыктын тарапкерлери, мындай учурда абайлап, кылдат аракет кылууга мажбурбуз", — деди Венгриянын премьери.