Радио

Абиров: элде баалуу кагаздар тууралуу маалыматтын аздыгы — орчундуу көйгөй

Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Мыктыбек Абиров бул тармактагы ийгиликтер мамлекет менен тыгыз байланышканын, анткени ал компаниялардын капиталын көбөйтүп инвестиция кылып жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдө баалуу кагаздарга кызыгуу өсүп жатат, бирок керектүү маалыматтардын жетишсиздиги кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу Мыктыбек Абиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк жарандар баалуу кагаздардын мүмкүнчүлүктөрүн жана аларды кантип колдонуу керектигин билишпейт.
"Баалуу кагаздарга байланыштуу негизги көйгөй — элде ал тууралуу керектүү маалыматтын аздыгы. Мүмкүнчүлүктөрүн, кантип колдонуу керектигин билишпейт. Бирок каржылык сабаттуулукту көтөрүү жаатында мамлекет дагы, биз дагы тынбай иш алып барып жатабыз. Бүт дүйнөдө баалуу кагаздарды депозит сыяктуу колдонуп келишет. Инвестиция салып байлыгын көбөйтүп жатышат. Албетте, сөзсүз түрдө анализ керек. Компаниянын тарыхын, финансылык көрсөткүчтөрүн карап чыгып, андан кийин гана инвестиция кылыш керек. Өзү билбесе адистер менен кеңешип, кандай тобокелдиктер бар экенин билип алып, анан инвестиция кылса жакшы болот. Учурда элдин арасында кызыккандар көбөйдү. Бул тармактагы ийгиликтер мамлекет менен тыгыз байланышкан, анткени мамлекет компаниялардын капиталын көбөйтүп, инвестиция салып жатат", — деди Абиров.
Вице-президент учурда Кыргыз фондулук биржасында модернизациялоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.
"Биз колдонуп жаткан соода системасына 25 жыл болду. Моралдык жактан деле эскирди. Буга байланыштуу жаңы система алдык. Ал азыр тесттик тартипте иштеп жатат. Бир-эки айда жаңы программаны колдоно баштайбыз. Бул бизге жана компанияларга жакшы шарт түзөт. Ал ишке киргенде жаңы инвестициялык тиркемелер ачылат деп ойлойбуз. Учурда айрым төлөм системалары инвестициялык платформаларды киргизди, айрым банктар кызыгуусун билдирүүдө. Ушул жактан мамлекеттик баалуу кагаздарды алып-сатып иш кылса болот", — деди Абиров.
Ошондой эле ал парламент баалуу кагаздар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизгенин кошумчалады.