БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 27-июнь, жума күнү, республиканын айрым аймагында жамгыр жаашы жана бир катар жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот.
Термометр борбор калаада +30…+32, Ош шаарында +31...+33 градусту көрсөтөт.