Студенттер жайкы эс алууда эмне менен алектенишет?

Sputnik
Жайкы каникул башталып, студенттер эс алуу мезгилине чыгышты. Бул мезгилде алар ар кандай иш-аракеттер менен алек болот. Айрымдары шаар сыртында эс алып, окуудан чарчаганын жазып жатат. Башкалары үй-бүлөсүнө жардам берип же жумушка орношуп, финансылык жактан өз алдынча болууга аракет кылууда. Кээ бир студенттер тил үйрөнүү, онлайн курс өтүү сыяктуу пайдалуу иштерге да убакыт бөлүшүүдө. Адистер студенттерге каникулду туура пландап, эс алуу менен өнүгүүнү айкалыштырууну кеңеш беришет.
Студент жайкы эс алуусун кантип өткөрүү керектигин “Көз мончок” программасынан тынданыздар.