Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту республика боюнча медиктердин квалификациясын жогорулатып, окутуп келет. “Ачык кеп” программасынын алкагында медицина илимдеринин кандидаты Эльмир Асылбеков институттун ишмердиги, өлкөдөгү кадр маселеси, медиктерди окутуу методикаларынын реформалары жана медицинанын өнүгүшү менен кыргыз дарыгерлердин билими канчалык деңгээлде айкалышары тууралуу суроолорубузга жооп берди.