БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-30-июнда кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Лавров президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Сапардын максаты — эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты өнүктүрүү.
Тараптар саясий-экономикалык, аскердик-техникалык жана гуманитардык тармактарда иштешүүнү талкуулашат. Евразиялык интеграция жана эл аралык күн тартип, анын ичинде Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгы жана алдыда ШКУга төрагалыгы боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө. Аймактык коопсуздук, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, тышкы коркунучтарга каршы туруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Ошондой эле 30-июнда Лавров Чолпон-Атада өтө турган ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышат. ТИМ башчылары эл аралык кырдаалды жана төртүнчү кварталдагы Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыкты талкуулашат. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүлөрдү кабыл алуу пландалууда.