БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Алар кол алдындагы кызматкерлерди айдоочулардан акча чогултууга мажбурлаган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Кайгуул-күзөт кызматынын командири Ж.А.А. кызматтык абалынан пайдаланып кол алдындагыларды коомдук тартипти жана жол эрежесин бузгандардан акча талап кылууга мажбурлаган. Мындан сырткары, ал "кызматтан алынасыңар" деп коркутуп, взвод командирлеринен жумасына 20–30 миң сомдон алып турган. Өз кезегинде взвод башчылары катардагы кызматкерлерди элден акча чогултууга тапшырма берип турган", — деп айтылат маалыматта.
23-июнда полковник Ж.А.А., ага лейтенант М.К.Т., кенже лейтенант К.Т.А., прапорщик А.А.Р. шектүү катары кармалган.