БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстан ак майдын экспортун төрт эсе көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.
Республика январь-апрель айларында сыртка 1050 тонна май саткан. Былтыр ушул эле маалда 275,5 тонна экспорттолгон.
Кардарлардын көбү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр болду:
Россияга — 920 тонна;
Казакстанга — 113,9 тонна;
Өзбекстанга — 15,9 тонна;
АКШга 0,2 тонна чыгарылган.