Пресс-борбор

1-июлдан тарта ӨКМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. 1-июлдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде ӨКМ башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
ӨКМ башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов
"Президенттин жарлыгына ылайык, 1-июлдан тарта ӨКМдин офицердик курамынын айлыгы 25 пайызга жогорулайт. Ал эми октябрь айында калган кызматкерлердин жана кенже тейлөөчү персоналдын айлыгын көтөрүү пландалууда", — деди ал.
Ошондой эле министрдин орун басары куткаруу бөлүмдөрүндө эле 1000ден ашуун бош орун бар экенин айтып, кадр тартыштыгы курч болуп жатканын кошумчалады.
Министр: быйылкы окуу жылында мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт