"Зеленский менен бир столго отурууну каалаган жокпуз". Орбандын түшүндүрмөсү

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Владимир Зеленский НАТОнун Гаагадагы саммитинин расмий иш-чарасына катышпайт, себеби АКШ, Түркия, Венгрия жана Словакия аны менен сүйлөшүүлөрдө бир столго отурууну каалашкан жок.
Мындай билдирүүнү жасаган Венгериянын премьер-министри Виктор Орбан иш-чаранын жүрүшү өзгөчө болгонун кыйытты.
"Зеленскийдин НАТО саммитинин расмий бөлүгүнүн бирөөнө да катышпай турганы башкы процесстин аяктаганынан кабар берет. Түркия, Венгрия жана Словакия жана биз кеп альянс туурасында жүрүп жатканда Зеленский мырза менен бир столго отурууну каалабай турганыбыз түшүнүктүү болду", — деген ал видеокайрылууда.
Премьер ЕБдин саммитинде Зеленскийди көрүүгө куштар болуп турбаганын кошумчалады.
"Украина менен чогуу кайсы бир интеграциялык коомчулуктун (НАТО дагы, ЕБ дагы эмес) мүчөсү болууга Венгриянын улуттук кызыкчылыгы жок", — деди ал.
НАТОнун Гаагадагы саммити кечээ, 24-июнда, башталган. Буга чейин "Франс Пресс" агенттиги аты аталбаган дипломатка шилтеме берип, альянс бул сапаркы жолугушуунун жыйынтык декларациясын кыска кылууга аракет кылып жатканын маалымдаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Венгрия Киевге аскердик жардам көрсөтүү боюнча документти колдогон жок