Кыргызстан жана коңшу мамлекеттердин ИДПсынын өсүшүнө божомол. Инфографика

Кыргызстан менен Тажикстандын ИДПсы эң ылдам өсөт, ал эми Россияда экономика жогорку насыялык пайыздык чендерден улам чектелет.
Sputnik
Евразия өнүктүрүү банкына (ЕАӨБ) мүчө болгон өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы (ИДП) кандайча өзгөрөрүн даярдалган инфографика баяндап бермекчи.
Арменияда ИДПнын өсүшүнө салык-бюджет саясаты, насыялоонун жогорку темптери жана акча которуулардын калыбына келиши таасир берет.
Беларуста ички суроо-талап — экономикалык өсүштүн негизги булагы. Мындан тышкары, элдин кирешеси, үй-бүлөлөрдүн келечекке болгон ишеними жана IT тармагы өнүгөт. 2026–2027-жылдары Россия экономикасынын жайлап калышы жана жумушчу күчүнүн тартыштыгы экспорттун өсүшүн чектейт.
Казакстанда ИДПнын өсүшүнө инвестиция тартуу чаралары таасир берет. Өндүрүш тармагына жаңы ишканалар ишке кирет.
Кыргызстанда экономиканын өнүгүп жатышы эл аралык финансы институттардын курулуш, транспорт жана энергетика тармактарына инвестиция салышына байланыштуу. 2026–2027-жылдары ички суроо-талаптын басаңдашы менен экономика туруктуу абалга келет.
Россияда жогорку пайыздык чендер керектөө жана инвестициялык активдүүлүктү чектейт. 2026–2027-жылдары дүйнөлүк рынокто Россия продукциясына болгон баанын төмөн болушу экспорттон түшкөн кирешени азайтып, ИДПнын өсүшүн басаңдатат.
Тажикстанда экономика алтынга болгон жогорку баалар, инвестициялар, тоо-кен жана металлургия тармактарынын кеңейиши менен өсүүдө.
Өзбекстанда калктын айлыгы көбөйгөндүктөн ички суроо-талап өсүүдө. Ошондой эле энергетика, суу менен камсыздоо жана транспорт инфраструктурасы боюнча мамлекеттик долбоорлор кеңейүүдө.
Көбү ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылган. Кыргызстан ак майдын экспортун 4 эсе көбөйттү