БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Малайзияга расмий сапарынын алкагында өлкөнүн бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйынга 50дөн ашык малайзиялык ири компаниялардын, ошондой эле тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Жолугушунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен AviaDinamika компаниясынын Кыргызстанда адал эт паркын курууга инвестиция тартуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүгү жөнүндө меморандум;
"Кыргызалтын" ААКы менен Public Gold Marketing Sdn. Bhd. компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
"Кыргызалтын" ААКы менен Public Gold Marketing Sdn. Bhd. компаниясынын ортосундагы аффинаждалган куйма түрүндөгү алтынды сатып алуу жана сатуу келишими;
Энергетика министрлиги менен CitaGlobal Berhad компаниясынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум;
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен PLATINUM GREENHAVEN (M) SDN BHD компаниясынын ортосунда Кыргызстанда адал индустриясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
Бишкек шаары менен Куала-Лумпур шаарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (Ниет каттары менен алмашуу).