БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Президент Нарын шаарынын өнүгүшүнө 807 миллион сом бөлгөнүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Комитет жетекчиси бүгүн Нарын облусуна барып, жергиликтүү жетекчилер менен жыйын өткөргөн. Анда облус боюнча 9,4 миллиард сомдук курулуштар жүрүп жатканын айткан.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү жыйындын жүрүшү жана жыйынтыгында кандай чечимдер кабыл алынган маалымдады.
Жасала турган иштер:
Жасала турган иштер:
Нарын шаарына 10 автобус, таштанды жыйноочу беш техника алууга жана "Жээк аллеясынын" курулушуна 250 миллион сом бөлүнөт;
транспорт жана коммуникация министрине планга кирген жолдорду бүтүрүү тапшырылды. Министр 197 чакырым жол күзгө чейин бүтөрүнө убада берди;
Ташиев курулушу эки жыл мурда башталган ипотекалык үйлөрдү салууга 747 миллион сом бөлүнгөнүнө карабастан иш жай жүрүп жатканын сындады;
президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев үч айдын ичинде 9 кабаттуу 216 батирлүү ипотекалык турак жай бүтөрүн айтты;
августта жергиликтүү аэропорт пайдаланууга берилет;
Ак-Талаа жана Жумгал райондоруна Калкты тейлөө кызматына жаңы имараттар, Ат-Башы менен Ак-Талаа райондорунун борборлоруна заманбап спорт комплекстери кийинки жылда салынат;
Салкын-Төр жаратылыш паркына кетчү жол 2026-жылы толугу менен асфальтталып, ичиндеги инфратүзүмүн жакшыртууга 30 миллион сом берилет;
Нарын районунун жети айыл өкмөтүнө техника алууга 70 миллион сом бөлүнөт;
Жумгалдын Чоң-Дөбө айылынын таза суу системасына керектелүүчү 55 миллион сом бөлүү маселеси чечилет;
дарыгерлердин тартыштыгын чечүү максатында жаңы келген медиктерге ипотекалык үйдөн Ак-Талаа районуна 10 жана Кочкор районуна 10 батир оорукананын балансына өткөрүп берүү тапшырылды.