26-июнга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Эртең, 26-июнда, республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаап, шамалдын ылдамдыгы бир катар жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +29…+31, Ош шаарында +32...+34 градуска көтөрүлөт.
Пресс-борбор
ӨКМ: өлкөдөгү кооптуу бир дагы тилке көз жаздымда калбайт