Минскиде ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кадр даярдоону жакшыртуу маселеси талкууланат

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кесипкөй адистерди даярдоону өркүндөтүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди.
26–27-июнда Беларустун борбору Минск шаарында IV Евразиялык экономикалык форум өтөт.
Кыргызстандын сунушу менен анда ЕАЭБ алкагында кесипкөй адистерди даярдоонун деңгээлин жогорулатуу маселеси талкууланат.
"Бул – квалификацияны жогорулатуу, окутуу программаларын макулдашуу. Адистер ЕАЭБге кирген кайсы гана өлкөдө болбосун, жарандыгына карабастан ар кандай тармактарда иштей алышы керек. Биздин максат — эмгек жана капиталдын эркин жүрүшүнүн негизинде бирдиктүү экономикалык майнаптуулукка жетишүү", — деди Ермолович.
Анын айтымында, эмгек күчтөрүнүн эркин жүрүшүнө байланыштуу тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.
ЕАЭБде дары-дармектин бааларын арзандатуу боюнча иш жүрүүдө