БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Токмоктун мэри Максат Нусувалиев коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин күч структураларындагы маалымат булагы билдирди.
Ага ылайык, калаа башчысы менен кошо Муниципалдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси жана куруучу компаниянын өкүлү кармалган.
Буга чейин шаардык кеңештин депутаттары жана тургундары өлкө жетекчилигине кайрылуу жасашкан.
"Калаада курулуп жаткан сейил бактын курулушу сапатсыз, белгиленген мөөнөттөн кечигүүдө. Жергиликтүү бийликтин көзөмөлү да жетишсиз болууда. Ошондой эле шаардык спорт мектебинде капиталдык оңдоо иштери бир жылдан бери бүтпөй келет. Токмок шаарына келип, абалды көрүп, тиешелүү мекемелерге чара көрүү тапшырмасын берсеңиздер", — деп айтылат кайрылууда.
Мунун негизинде прокуратура жана УКМК тарабынан эки иш козголгону айтылды.