БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россия менен Америка Кошмо Штаттарынын мамилесин калыбына келтирүү оңой эмес. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, алаканы калыбына келтирүү дүйнөлүк кризистерди алдын алуу үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.
"Москва менен Вашингтондун ортосунда келишпестиктерге карабастан, Трамптын администрациясынын эч кандай шарт койбостон диалогду жандандыруу сунушун колдоп, макул болдук. Биз бул мамилени саясатташтырбай кесипкөйлүк менен талкуулап, калыбына келтирүү жолдорун издөөнү максат кылдык. Албетте, бул оңой эмес процесс жана дүйнөлүк аренада тез өнүкпөйт", — деди Лавров.
Ошондой эле дүйнөлүк тынчтык үчүн мындай диалог учурдагыдай кризистерди алдын алууда пайдалуу болушу ыктымал экенин кошумчалады.