БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев кызы Саида Мирзиёеваны президенттик администрациянын башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки жыл мурда жоюлган президенттик администрация кайрадан түзүлгөн.
40 жаштагы Саида буга чейин президенттин (атасынын — ред.) жардамчысы болуп иштеп келген.