БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын Израилге кол салууга даярданганы боюнча далил жок экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Израилдин өзүн-өзү коргоо укугуна шилтеме берүүсү негизсиз, анткени буга далил жок.
Ошондой эле ал Россия Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалдын чечилишине көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.
"Кечээ президент дагы бир жолу айтты, эгер түздөн-түз катышкан тараптар кызыкдар болуп, бизден суранышса, анда катышууга даярбыз. Бирок айта кетейин, биз эч кимге ортомчу болууну таңуулабайбыз", — деди Лавров.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Иран менен Израилге ортомчу болууга умтулбасын, бирок сунуштарды айтарын белгилеген.