БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы Россиянын элчилиги Россияга кирүү боюнча жаңы эрежелер тууралуу эскертүүдө.
Дипмиссиянын маалыматына ылайык, 30-июндан тарта виза талап кылынбаган чет өлкөлүк жарандар Бирдиктүү идентификациялоо системасынан (ЕСИА) каттоодон өтүп, кирерден 72 саат мурда ruID мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө арыз тапшырышы керек.
Өзгөчө кыйчалыш учурларда, сапарга шашылыш чыгууга мажбур болсо арызды кирерге төрт саат калганда тапшырууга уруксат берилет.
Аталган тартип виза талап кылынбаган чет элдик жарандар үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Бирок төмөнкү категориядагы жарандар бошотулат:
Беларусь жарандары;
дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери;
6 жашка чейинки чет элдиктер (балдар) жана жарандыгы жок адамдар.
Жаңы эрежелер тууралуу маалымат менен Россиянын мамлекеттик кызматтар порталынан таанышууга болот. Ал эми ruID тиркемеси колдонмолор платформасында жеткиликтүү.
Элчилик кошумчалагандай, виза менен кирүү тартиби, анын ичинде бирдиктүү электрондук виза боюнча жол-жоболор өзгөргөн жок.