Израиль Иранга кайрадан ок чыгарып, бирок кийинки соккуларды токтотууну чечти

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин Израиль Иранга мындан ары сокку урууну токтотууну чечти. Бул тууралуу шейшембиде Израилдин премьер-министринин кеңсеси билдиргенин РИА Новости жазды.
“Президент Трамп менен премьер-министр Нетаньяхунун телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин Израиль (Иранга – ред.) сокку уруудан карманды”, — деп айтылат маалыматта.
"Галей ЦАХАЛ" радиостанциясы маалымат булагына таянып кабарлагандай, Израиль Тегерандын четиндеги радарга чабуул жасады жана ошону менен Ирандын ок атышпоо келишимин бузганына жооп кайтарууну аяктады.
Ал эми Ирандын Mehr маалымат агенттиги Израиль ок атышпоо келишимин бузуп, Ирандын түндүгүндөгү ачык аймакка сокку урду деп билдирди.
Буга чейин Израилдин Kan мамлекеттик телеканалы эки тарап ок атышууну токтотууну жарыялагандан кийин Иран Израилдин түндүгүнө бир ракета атканын билдирген. Тегеран бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.
Мындан кийин "Галей ЦАХАЛ" радиосу маалымат булагына таянып, Израиль Ирандын ок атышпоо режимин бузганына “символикалык жооп” берерин жана Тегерандын четиндеги бутага чабуул жасай турганын билдирген.
Лавров: Иран Израилге кол салууга даярданып жатканына далилдер дагы деле жок