БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкекте 24-июндан баштап ОСАГО полисин сутканын каалаган убагында алууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.
Иш күнү-түнү, дем алыш жана майрам күндөрү да жүргүзүлөт. Борбор калаанын тургундары Москва көчөсү, 71 дарегиндеги кеңсеге кайрыла алат.
"Бул нерсе суроо-талаптын жогорулашына жана мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу жасалууда", — деди камсыздандыруу уюму.
Эске салсак, 1-июлдан тарта Кыргызстанда милдеттүү түрдө ОСАГО полисин алуу тартиби күчүнө кирип, мыйзам бузган айдоочуларга үч миң сом айып салынат.