БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Израиль менен Иран убактылуу тынчтык келишимин түзгөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, эки тарап тең макулдашуу боюнча бир учурда кайрылган.
"Израиль менен Иран мага дээрлик бир эле убакта макулдашуу боюнча кайрылышты. Убакыт келгенин түшүндүм. Чыныгы жеңүүчүлөр — тынчтык жана Жакынкы Чыгыш! Эки эл тең келечекте тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү көрүшөт. Алар абдан көп нерсеге жетишет, бирок келишим бузулса көп нерседен кол жууйт", – деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына.
Ал Иран ок атууну биринчи токтотуп, Израиль мындай кадамга 12 сааттан кийин барарын кошумчалап, муну согуштун аякташы катары сыпаттады.
Ошол эле маалда Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Трамптын тынчтык келишими тууралуу сөздөрүн четке какты. Аракчи Израиль "агрессияны" токтоткондо гана Тегеран соккуларын токтоторун кошумчалады.