25-июнга карата аба ырайы

25-июнда күндүз республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 33…38, Талас өрөөнүндө 31…36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 34…39, Ысык-Көл жеринде 23…28, Нарын чөлкөмүндө 27…32 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 36…38 градуска көтөрүлөт.
Нарында сел жүрүп, 47 үйдү каптады. Видео