Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу сакталууда — климат, миграция, баанын өсүшү таасирин тийгизеби?

Sputnik
Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу сакталып жатат. Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн өлкөнүн башка министрликтери менен иштешет. Ошондой эле көптөгөн стратегиялык программалар жана долбоорлор бар. Учурда былтыр кабыл алынган "Азык-түлүк коопсуздук жана тамактануу" программасы менен иштер аткарылууда. Кыргызстан өзүн-өзү алты продукт менен камсыздай алат. Калган азык-түлүктү сырттан импорттойт. Бүгүнкү күндө элди жетиштүү, сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо максатында дыйкандарга мамлекет атайын программалар аркылуу жеңилдиктерди берип, акчадан тартып көчөттөргө чейин камсыздоолор жана окутуулар жүргүзүлүп келет. Азык-түлүк коопсуздугуна климат, миграция, баанын өсүшү, логистикалар таасирин берерин Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси Мээрим Эсенкулова айтып берди.