БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстан Иран-Израиль жаңжалынын күчөшүнө жана Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга тынчсызданууда. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Ислам кызматташтык уюмунун 51-сессиясында билдирди.
Анын айтымында, мындай жаңжалдар аймактык коопсуздук менен бирге дүйнөлүк туруктуулукка да өтө терс таасирин тийгизет.
Министр Кыргызстан ар кандай жаңжалды тынчтык жолу менен эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине, айрыкча БУУнун Уставына ылайык диалог жана сүйлөшүү аркылуу гана жөнгө салуу керек деген ишенимин кайталады.
Ошондой эле Кулубаев Кыргызстан аймактык кызматташтыкты чыңдоого, жаңы натыйжалуу форматтарды табууга жана эки тараптуу да, көп тараптуу да негизде дүйнөлүк таасир борборлору менен активдүү өз ара кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.