Президент Жапаров 24-25-июнда Малайзияга расмий сапар менен барат

Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу менен аталган өлкөгө барат. Бул туурасында президенттик администрациядан билдиришти.
Анда Кыргызстан менен Малайзиянын саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык жаатындагы өз ара кызыкчылык жараткан кызматташуусунун келечеги талкууланмакчы.
Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Малайзиянын парламентинин төрагасы, бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрү менен да жолугарын айтышты.
Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим келди