БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандын атынан ЕАЭБ сотунун судьясы болуп дайындалган Кыдык Жунушпаев бүгүн ант берди. Бул тууралуу Sputnik Беларусь жазды.
Ал ыйгарым укуктары аяктаган судья Айжамал Ажибраимованын ордуна барган.
“Бүгүн бизде жаңы кесиптешибиз – Кыргыз Республикасынын судьясынын ант берүү аземине арналган иш-чара болот”, — деген ЕАЭБ сотунун төрагасы Алексей Дронов.
Ант берүү процедурасы кызматка расмий киришүү катары эсептелет.
Кыргызстандын өкүлү бул кызматка Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2025-жылдын 16-июнундагы №1 “ЕАЭБ сотунун судьясын кызмат ордунан бошотуу жана кызмат ордуна дайындоо жөнүндө” токтомуна ылайык келген.