Небензя: АКШнын Иранга чабуулу анын дүйнө менен эсептешпегендигин көрсөттү

Дүйнө менен эсептешпегендигин көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. АКШ Иранга чабуул жасап, жамандыктын жарчысы болду. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал АКШнын жоопкерчиликсиз, коркунучтуу жана чагымчыл аракеттерин кескин түрдө айыптай турганын айткан.
Небензянын айткандарынын негизги учурлары:
АКШ эл аралык коомчулуктун пикири менен таптакыр эсептешпей турганын дагы бир ирет көрсөттү;
Вашингтон союздашы Израилдин кызыкчылыктары үчүн адамзаттын коопсуздугун жана бейпилдигин тобокелге салууга даяр;
эгерде бул кагылышууну токтотпосо дүйнө өзөктүк апаатка кептелиши мүмкүн;
АКШны бул аракеттердин кесепети да, карапайым элдин азабы да кызыктырбайт. Алар дүйнөдөгү гегемониясын сактап калуу үчүн кандай кылмыш болбосун жасоого даяр;
Россия Иран маселеси боюнча ортомчулук кызматын сунуштаган, бирок Вашингтонду дипломатия кызыктырбайт өңдөнөт;
АКШнын Иранга чабуулдары — өзөктүк курал жайылтууга каршы глобалдык эреже, тартипке жасалган чоң сокку.
Израилдин артынан эле АКШ Ирандын бир катар өзөктүк деп санаган объектилерине сокку урду. Буга жооп катары Ирандын парламенти Ормуз кысыгын жабууну сунуштоодо. Ал эми Россия бул соккуну айыптап чыкты.
Россия АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусун айыптады