БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Бишкектеги №70 мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов 242 балл алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
ЖРТ боюнча эң жогорку балл алгандар:
Бишкектеги №70 мектептин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов — 242 балл;
Жалал-Абаддагы "Лайт-Академия" орто мектебинин окуучусу Медина Мухаммадова — 240 балл;
Бишкектеги №48 мектептин бүтүрүүчүсү Тагай Макешов — 236 балл;
Бишкектеги №61 мектепте окуган Айбийке Жакшылыкова — 235 балл;
"Айчүрөк" кыргыз-түрк кыздар окуу-тарбия комплексинде окуган Арууна Нурбек кызы — 235 балл.
Алтын сертификатка ээ болгон калган 49 окуучунун тизмесин Агартуу министрлигинин баракчасынан көрө аласыздар.
Быйылкы көрсөткүч соңку жети жылдагы рекорд болуп саналат. Өткөнгө кыска сереп салсак, 2018-жылы эң жогорку балл — 237, 2019-жылы — 238, 2020-жылы — 229, 2021-жылы — 232, 2022-жылы — 235, 2023-жылы — 236 жана 2024-жылы 234 балл болгон.