Нарында сел жүрүп, 47 үйдү каптады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Нарын шаарында сел жүрүп, 45 үйдүн короосун каптап, эки үйгө кирип кеткенин ӨКМден билдиришти.
Кечээ катуу жааган жамгырдан улам Нарын каналындагы суу нугунан чыккан.
Куткаруучулар 10 үйдү тазалап, калган ишти бүгүн улантып жатышат.
Буга чейин Кыргызгидромет аба ырайы өзгөрүп, жер-жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаап, мындан улам сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.
Жаан-чачындуу болот. Бир аптага карата аба ырайы