Кыргызстанда көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды.
Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-июнда кол койгон.
Чектөө ЕАЭБдин бажы классификациясына ылайык, 2701 жана 2702 кодундагы көмүргө тиешелүү. Анткен менен бул эреже "Эркеч-Там" менен "Торугарт" бекеттерине тиешеси жок.
Документке ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдарга зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкекке жана Чүй облусуна көмүрдүн майдасын ташууга тыюу салуу сунушталууда