АКШдан алтынды алып келгиле! Германия менен Италияга чакырык ташташты

Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Германия менен Италияны АКШнын федералдык системасында сакталып турган алтындарын алып келүүгө чакырыктар айтыла баштады. Бул туурасында РИА Новости Financial Times басылмасына шилтеме кылып жазган.
"Германия менен Италияга Нью-Йорктон өз алтындарын алып кетүү боюнча чакырыктар ташталууда. Бул президент Дональд Трамптын Федералдык корлор системасын (АКШнын Борбордук банкы) бир нече жолу сындаганынан жана геосаясий туруксуздук күчөгөндөн кийин болуп жатат... АКШда сакталып турган алтындын рыноктогу наркы 245 миллиард доллардан ашат", — деп басылма жазды.
Бул эки мамлекет алтын кору боюнча АКШдан кийинки эле 2,3-орунду ээлээри айтылган. Тагыраагы, алардын 3352 жана 2452 тонна баалуу металлы Америкада турат. Германия да, Италия да алтын куймаларынын үчтөн бир бөлүгүн Федералдык корлор системасына сактап келет.
Кошмо Штаттардагы алтын алып кетүү чакырыгын Европадагы Салык төлөөчүлөр ассоциациясы салууда. Эки өлкөнүн Финансы министрлиги менен Борбордук банктарына жөнөтүлгөн катта Трамптын аталган системанын көз карандылыгы киришип жатканына түйшөлгөндүк айтылган.
Ассоциация башчысы Михаэль Йегер европалык борбордук банктар аларга көзөмөл кылып, башкарып туруш үчүн бул баалуу металлдарды алып келиш керек дешкен.
Өткөн аптада АКШнын Федералдык корлор системасы негизги пайыздык ченди жылдык 4,25–4,5 пайыз деңгээлинде калтырды. Трамп бул үчүн система жетекчиси Жером Пауэллди кайрадан кескин сынга алып, аны өкмөттөгү эң "наадан жана зыяндуу" адамдардын бири деп атады. Трамптын айтымында, ушул чечимдерден улам АКШ жүздөгөн миллиард доллардан кол жууп жатат.
Ал арада жума алтындын арзандашы менен башталды. Августка болгон фьючерстер 0,46 пайызга, трой унциясы 3370,12 долларга түштү. Буга негизги дүйнөлүк валюталарга карата доллардын бекемдеши жана Израиль менен Иран ортосундагы жаңжал курчуп жаткан шартта трейдерлердин күтүп турганы таасир этүүдө.
"АКШ алтын кенди кайтарып берсин!" Германия талап койду