БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, борбор калаадагы төрөтканалардагы коррупцияны текшерүүнү суранды.
Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип жатып, жыл башынан бери төрөттөн 9 аял көз жумганын, бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2 учурга көп экенин айтты.
Эл өкүлү учурда акушер-гинекологдорго акча төлөбөгөн аялдар каралбай калып жатат деп кайрылды.
“Өзгөчө №4 жана №6 төрөтканалар боюнча арыздар келип түшүүдө. Айрым бейтаптар эгерде акушерлерге 100-200 доллар төлөбөсө каралбай кала тургандыгын билдиришкен. Дарыгерлер мамлекеттен маяна алып жана кошумча түрдө элден акча талап кылганы — мыйзам бузуу. УКМК төрагасынан төрөт мекемелериндеги мыйзамсыз акча жыйноо жана коррупциялык схемаларды терең иликтөөнү суранабыз”, — деди эл өкүлү.