БИШКЕК, 23 июн — Sputnik. Советтик аскерлерге жергиликтүү, беларустук партизандар кошулган. Алардын жардамы кадимкидей күч берген. Фашисттердин шаштысын алып, алар өтчү жолдорду, көпүрөлөрдү талкалап, байланыш түйүндөрүн иштен чыгарышкан. Муну менен немецтердин тылынын "колун байлап" турушкан.
"Багратион" операциясынын жыйынтыгында Беларустун, Польшанын чыгышынын, Балтика боюндагы мамлекеттердин бир бөлүгү фашисттерден тазаланат. "Борбор" деп аталган немец тобу толугу менен талкаланган.
Вермахт оор жоготууга учурап (Жеңишке жакын калган эле), анын ордун кайра толтурууга Германиянын шайы келбей калган.
Советтик тараптан кармашка тылдагыларды кошпогондо 1 миллион 200 миң адам катышкан. Ал эми немецтердин "Борбор" тобунун курамында 486 миң аскер болгон. Кошумча күчтөр менен тылдагыларды чогулта келгенде саны 849 000ге чамалап барган. Мындан сырткары, салгылаштын экинчи этабында армиянын "Түштүк" бөлүгүнүн оң канаты, "Түндүк Украина" армиясынын сол канаты катышкан.