БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Москвага сүйлөшүүлөр үчүн келди. Бул тууралуу IRNA агенттигине шилтеме жасап РИА Новости кабарлаган.
Маалыматка ылайык, Аббас Аракчи Россиянын президенти Владимир Путин жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер менен жолугат.
Сүйлөшүүлөрдө АКШ жана Израиль тарабынан Иранга жасалган чабуулдардан кийин Жакынкы Чыгышта, жалпы эле дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдын кандай өнүгөрү талкууланат.
АКШнын Иранга чабуулу
Жекшембиге караган түнү АКШ Ирандын Натанз, Фордо жана Исфахан шаарларындагы өзөктүк делген объектилерге абадан сокку жасады. Чабуул Израиль менен Ирандын ортосундагы жаңжал курчугандан бир аптадан кийин болду.
13-июнга караган түнү Израиль Иранга каршы кеңири масштабдагы операция баштаган. Тель-Авив Тегерандын жашыруун өзөктүк программасы бар деп айыптаган. Чабуул учурунда Ирандын жогорку аскердик кызматкерлери жана өзөктүк программа боюнча иштеген илимпоздору каза болгон.
Мунун жообу катары Иран душмандын аскердик объектилерине чабуул жасаган. Учурда тараптар бири-бирине сокку уруп жатышат.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондун чабуулунун максаты Тегерандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн чектөө экенин билдирген.