Акындын ыры доордун добушу - Жаш акын Бектемир Асылбеков менен маек

Sputnik
Акын доордун үнү. Учурдун, элдин ызасы-сүйүнүчү, өкүтү-ийгилиги дал ушул акындардын ыры аркылуу мезгил барактарына жазылып калат. Күнүмдүк жашоодон өзгөчө көрүнүштү, өзгөчо ойлорду байкап аны бал тил менен ийге келтирип, элдин эсинен, жүрөгүнөн түбөлүккө орун табат. Бүгүнкү “Стимул” программасында дал ушул улуу өнөрдү аркалап, таланттын таптап келе жаткан жаш акын Бектемир Асылбеков менен маектештик. Биз акындыктын оош-кыйышы туралуу кеп кылалы деп турабыз.