Башка өлкөлөргө эмгектенгени бараткандар эмнелерди билиши керек? - Эмгек мигранттарына мамлекет кандай жардам берүүдө?

Sputnik
Соңку жылдары чет өлкөдө иштөө мүмкүнчүлүгүнө кызыккан мекендештердин саны арбыды. Расмий маалымат боюнча 800 миңден ашуун кыргыз жараны башка мамлекеттерде эмгектенип жатышат. Бирок башка эл, башка жерде жашап эмгектен жеңил нерсе эмес. Ар кандай кыйынылыктар кезигиши мүмкүн. Бүгүнкү "Спутниктен сүйлөйбүз" программасында чет өлкөгө иштегени бара жаткандар эмнелерди билиши керектигин, ошондой эле мамлекет аларга кандай жардам берип жатканы тууралуу маектештик.
Биздин суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграциялык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов жооп берди.