Астана шаарында "Борбор Азия – Кытай" саммити отүп, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду. Экинчи жолу өтүп жаткан бул жыйынга Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жана Кытайдын төрагасы катышты. Ошондой эле президент Жапаров саммиттин алкагында Кытай лидери Си Цзинпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Саммиттин максаты жана маанилүүлүгү, көтөрүлгөн маселелер, региондогу абал тууралуу Алиаскар Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров кеп кылды.