БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Нацисттик Германияны жеңүү салттуу баалуулуктарга жана Ата Мекенге болгон ишенимге негизделген. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Эскерүү күнүндө билдирди.
Путин тарых китептеринин авторлору менен жолугушту. Талкууга Россиянын тарыхы жана жалпы тарых предметтери боюнча окуу китептеринин башкы редакторлору: президенттин жардамчысы Владимир Мединский, МГИМОнун ректору Анатолий Торкунов, Россия Илимдер академиясынын Жалпы тарых институтунун илимий директору Александр Чубарян, ошондой эле агартуу министри Сергей Кравцов катышты.
"Нацисттик Германияны жеңүүгө салттуу баалуулуктарыбыз жана мекенге болгон ишеним негиз болгон деп айтсам жаңылышпайм. Бул ишеним мектептер жана салттуу ишенимдер аркылуу бекемделген”, – деди Путин.
РФ президентинин негизги билдирүүлөрү:
мурдагы тарых окуу китептериндеги Улуу Ата Мекендик согуштун окуялары жөнүндөгү маалыматтардын баары чындыкка дал келген эмес;
1990-жылдары окуу программаларында тарыхый процесстин бирдиктүү логикасы жоголгон;
мурда тарых китептеринде СССР нацизмдин белин сындырды деп дайыма эле жазылган эмес;
альтернативдик көз караштар жашоого укуктуу, бирок негизги фактыларды бурмалоого болбойт;
коом таануу боюнча жаңы окуу китебин түзүү – татаал иш;
чет элдик гранттардын жардамы менен көптөгөн колдонмолор жарык көргөн.
“Биз ал китептерден, колдонмолордон эмнени гана көргөн жокпуз. Тарых бурмаланып, русофобия ачык эле жайылтылган. Буга таң калуунун кажети жок”, – деди Путин.